Кепилдик шарттары. Алган буюмуңузда айкын көрүнгөн же өндүрүштүк кемчилик аныкталса, керектөөчү кепилдик берилген мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу тейлөө борборунан акысыз оңдотуп алууга укуктуу.
INOI оригиналдуу таңгагында (“INOI Өнүмү”) камтылган INOI брендиндеги аппараттык буюм жана INOI брендиндеги аксессуарлар сатып алынган өлкө үчүн берилүүчү мөөнөткө ылайык жана нормалдуу колдонууда материалдарда жана өндүрүлүшүндө кемчиликтер жок экенине акыркы колдонуучу тарабынан сатып алынгандыгын ырастаган мындан ары “Кепилдик мөөнөтү” деп аталган тастыктоо дакументи менен кепилдик берет.
Кепилдик каптарга, баштыктарга, кармагычтарга, алынуучу панелдерге, кабелдерге, өзү орнотулган программалык камсыздоого жана башка аксессуарларга колдонулбайт. Кепилдик кызмат ыйгарым укуктуу тейлөө борбору тарабынан колдонуучуда сатуучу компаниянын мөөрү менен толтурулган түпнуска кепилдик талону жана сатып алынгандыгын тастыктаган документ болгон учурда гана көрсөтүлөт.
Өнүмгө берилген кепилдик мөөнөтү тейлөө борбору тарабынан өнүмгө кепилдик оңдоо иштери жүргүзүлгөн мезгилге узартылат.
Кепилдик төмөнкү учурларда күчүн жоготушу мүмкүн: механикалык, электрдик же термикалык таасирден, суюктуктардан же конденсация натыйжасында келип чыккан бузулуулар; туура эмес колдонуудан келип чыккан зыян, анын ичинде оригиналдуу эмес аксессуарлар менен бирге пайдалануу; уруксатсыз ачуу, оңдоо, программалык камсыздоону өзгөртүү же туура эмес орнотуудан келип чыккан зыян; вирустук чабуулдардын, лицензияланбаган программалык камсыздоону колдонуунун натыйжасында келтирилген зыян; коргоочу пломбалардын, курлардын, стикерлердин жана башкалардын бузулушу; үчүнчү жактардын аракеттеринин, форс-мажордук жагдайлардын, туура эмес сактоо жана ташуу эрежелеринин натыйжасында келтирилген зыян.
ЭСКЕРТҮҮ: Кепилдик шарттары тууралуу кененирээк билүү үчүн биз менен 24@inoi.com дареги боюнча байланышыңыз же өлкөңүздөгү INOI компаниясынын ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Comments
0 comments
Please sign in to leave a comment.